Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
2026-жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 13 333 үй-бүлөгө социалдык контракт программасы аркылуу колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу министрликтин жумуш менен камсыздоо башкармалыгынын адиси Жалын Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, быйыл 13 миңден ашык жаран социалдык контракт механизми аркылуу өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 150 миң сом алат. Ошондой эле, программага катышуучулар «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» мамлекеттик банктарынан 200 миң сомго чейин жеңилдетилген кредит алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Агроөнөржай менен алектенген үй-бүлөлөр үчүн акысыз окуу курстары уюштурулган. «Эгерде агрардык тармакта билимдериңизди тереңдетүүнү кааласаңыз, тиешелүү башкармалыктарга кайрылып, окуудан өтсөңүз болот», — деди Жалын Токтосунов.
Социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын жумуш менен камсыз болушун жогорулатууга багытталган. Бул программа аркылуу көптөгөн адамдар өз бизнесин ачып, экономикалык жактан өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк алышат.