Бишкекте кытай жаңы жылынын урматына майрамдык концерт өттү

Бишкекте 4-февралда кытай жаңы жылына арналган маданий иш-чара өттү. “Бишкектеги кышкы майрам” аталышындагы бул иш-чараны Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкектеги Кытай маданий борбору жана кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык ассоциациясы уюштурду.

Иш-чараны Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Чжэньпин ачып, эки өлкө ортосундагы достук мамилелердин узак мөөнөттүү тарыхын белгиледи. Ал ошондой эле маданий диалогдун маанилүүлүгүн айтып, Кытай тараптын Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирди. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев да куттуктоо сөзүн сүйлөп, кытай элин жаңы жыл жана Кышкы майрам менен куттуктады. Ал кыргыз-кытай достугунун маанисин белгилеп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө ишеним билдирди.

Концерттик программада Кытайдан келген Фуцзянь профессионалдык искусстволор институту, Фуцзянь провинциясынын акробатикалык труппасы, Фуцзянь провинциясынын ыр жана бий театры, Цюаньчжоу шаарындагы гаоцзя театрынын мурас борбору катышты. Шоу программасы кытай улуттук бийлери, вокалдык номерлер, акробатикалык көрсөтмөлөр жана фокус менен толукталды. Концерт Кытайдын бай маданий мурасын көрсөтүп, жылуу жана майрамдык атмосферада өттү.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын маданий жана достук байланыштарын бекемдеген дагы бир далил болуп калды.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген