АКШда отун уурдоо үчүн издөөдө болгон Кыргызстан жараны кармалды

Иллинойс штатында Кыргыз Республикасынан келген 1979-жылы туулган Ы.М. аттуу жаран кармалды. Бул маалыматты Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Ы.М. кармалышы Кыргызстандын ИИМ, АКШнын Ички коопсуздук министрлиги жана Наркотиктер менен күрөшүү департаментинин биргелешкен операцияларынын натыйжасында болгон.

Ы.М. 2023-жылдан бери Интерполдун «кызыл билдирүүсү» боюнча эл аралык издөөдө болгон. Ал Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 209-беренесине ылайык, ири өлчөмдөгү алдамчылык кылганы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Ы.М. А.Ч. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп, мунай продуктыларын сатуу менен алектенген уюмдун жетекчиси катары, отунду уурдоого катышкан. Натыйжада, 1536,51 тонна отун уурдалып, анын жалпы баасы 51 780 387 сомду түзгөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары кармалган жаранды экстрадициялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле, ИИМ маалымдагандай, учурда HSI (ICE) кармоо борборлорунда Кыргызстандын ИИМ тарабынан ар кандай мыйзам бузуулар үчүн издөөдө болгон 8 жаран бар. Алардын ичинен 3 жаран Кыргызстанга депортацияланган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген