Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын жеңүүчүлөрү жана сыйлыктарын алган адамдар үчүн сыйлык атрибутикасынын дизайнын аныктоо боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Физикалык тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Конкурстун максаты – медалдардын, дипломдордун жана сертификаттардын эң мыкты дизайнын табуу. Дизайн оригиналдуу болушу керек жана VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын бекитилген бренд-китебине ылайык келиши зарыл.
Сыйлык атрибутикасынын дизайны медалдарды, дипломдорду жана сертификаттарды камтышы керек. Конкурска катышуучулар өздөрүнүн дизайнын сунушташы керек. Иштер электрондук жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Бардык эскиздер материалдардын жана кызматтардын чыгымдарын эсептөө менен бирге сунушталууга тийиш. Дизайн бирдиктүү стильде, так жана түстөрдүн гармониялык айкалышында болушу керек. Улуттук колоритти жана Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын символикасын чагылдырган элементтерди камтышы зарыл.
Эскиздерде медалдын алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтү, дипломдордун жана сертификаттардын сүрөтү, дизайн концепциясынын сүрөттөлүшү (1 бетке чейин) жана медалдарды, дипломдорду, сертификаттарды технологиялык жактан даярдоо мүмкүнчүлүгү көрсөтүлүшү керек.
Конкурска катышуу үчүн арыздар 10-февралга чейин кабыл алынат. Конкурс бир этапта өткөрүлөт: эскиздер жана сүрөттөлүштөр менен. Комиссия сунушталган моделдерди белгиленген критерийлер боюнча баалайт.
Баалоо критерийлери:
– Идеянын оригиналдуулугу жана креативдүүлүгү.
– Темага жана жогорудагы талаптарга ылайык келүү.
– Сүрөтчүлүк жана эстетикалык аткаруу.
– Образдын эстетикасы жана бүтүндүгү.
Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат, биринчи орун үчүн 100 000 сом берилет. Мындан тышкары, мыкты үлгүлөр расмий иш-чараларда колдонулушу үчүн сунушталат. Эң мыкты иштердин автордук укуктары Дирекцияга өткөрүлөт жана аларды колдонуу үчүн алардын макулдугу талап кылынат.
Байланыш маалыматтары:
Кыргыз Республикасы, Бишкек, Тоголок Молдо көчөсү, 17
Комиссиянын катчысы: Чынаева Лаура, +996 500 059 311, laura.chynaeva@mail.ru