Ош шаарынын мэри «Тешик-Таш» базарын жаңы базарга көчүрүүнү тапшырды

Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев «Тешик-Таш» базарындагы абалды текшерип, анын учурдагы кырдаалы менен таанышып чыкты. Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү мекемелерге жана ишканаларга базарды жаңы, бардык талаптарга жооп берген жайга көчүрүү тапшырмасы берилди.

Мэр Токторбаев базардагы соода жайларынын тартипсиз жайгашуусу жол кыймылына тоскоолдук жаратып, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудурарын жана санитардык-гигиеналык нормаларды бузуп жатканын белгиледи. Ошондуктан, ал соода жүргүзүүнү белгиленген регламентке ылайык уюштуруу зарылдыгын айтты.

«Тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди, көчүрүү процессинде ишкерлер үчүн зарыл шарттарды түзүү, альтернативдүү соода жайларын сунуштоо жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, базарларды уюштуруу жана коопсуздук маселелери боюнча коомчулукка маалымат берүү маанилүү. Бул кадамдар шаардагы соода тармагын жакшыртууга жана жарандардын жашоо шарттарын оңдоого багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген