Кыргызстандын футболчулары Түркияда даярдык өткөрүшөт

Кыргызстандын улуттук футбол командасы жаңы башкы машыктыруучу Роберт Просинечкин жетекчилигинде март айындагы ФИФАнын даталарына ылайык, машыгуу жыйындарын өткөрөт. Кыргыз футбол союзу билдиргендей, бул жыйындар 18-марттан 31-мартка чейин Түркиянын Анталья шаарында өтөт.

Ошол эле мезгилде, Кыргызстандын U-20 жана U-23 жаштар командалары да Антальяда машыгуу жыйындарын өткөрөт. Улуттук команда Азия Кубогу – 2027 үчүн даярдыкты баштайт. Олимпиадалык U-23 командасы, Эдмар Ласерда жетекчилигинде, Японияда 10-сентябрдан 6-октябрга чейин өтө турган Азия оюндарына даярдык көрөт. U-20 командасы болсо, башкы машыктыруучу Нурбек Жолдошевдин жетекчилигинде, 29-августтан 6-сентябрга чейин өтүүчү U-20 Азия Кубугунун квалификациялык оюндарына даярдык көрөт.

Машыгуу жыйындарынын алкагында бардык командалар достук оюндарынын өткөрүлүшү пландалууда. Соперниктер жана оюндардын даталары тууралуу маалымат жакын арада жарыяланат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген