Энергетика, логистика жана айыл чарба: Касымалиев ОАЭге артыкчылыктуу долбоорлорду сунуштады

Бишкек шаарында, дүйнөлүк өкмөттөрдүн саммитинде Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев «Emirates Investment Authority» суверендүү инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мохаммед Хамад Аль-Мехайр менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Касымалиев Кыргызстандын суверендүү фонд менен байланыштарды орнотууга кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдөгү ар түрдүү тармактарда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу маалымат берүүгө даяр экенин айтты. Ал Кыргызстандын тарыхый трансформациянын этаптарынан өтүп жатканын, жана дүйнөлүк тажрыйбасы бар ири институттар менен өнөктөштүктү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Кыргызстан географиялык жактан Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жана евразиялык экономикалык мейкиндикке түздөн-түз интеграцияланган. Өлкөнүн максаты – Кытай, Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча өндүрүш, логистика жана энергетикалык агымдар үчүн платформага айландыруу. Бул контекстте «Emirates Investment Authority» үчүн Кыргызстан транспорт-логистика инфраструктурасы, энергетика, минералдык ресурстар, телекоммуникация жана санарип инфраструктурасы, азык-түлүк камсыздоо жана агробизнес сыяктуу тармактарда маанилүү инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Касымалиев ошондой эле Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, акыркы төрт жылда өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын, 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11% түзгөнүн, бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер арасында эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин айтты. Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингдеринин жогорулашы, ошондой эле бюджетке салык жана бажы түшүүлөрүнүн өсүшү экономиканын эффективдүү башкарылышын жана инвесторлор үчүн тобокелдиктердин төмөндөшүн көрсөтөт.

«Биз инвестицияларды биргелешип структуралаштырууга, долбоорлорго капитал тартууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүгө ачыкпыз», – деди ал. Ошондой эле, Касымалиев «Emirates Investment Authority» жетекчилигин ушул жылдын апрель айында Бишкекте өтө турган «Араб өлкөлөрүнүн Залив кызматташтык кеңеши – Борбордук Азия» форматындагы Инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Мохаммед Хамад Аль-Мехайр болсо эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, конкреттүү инвестициялык долбоорлор жана демилгелер боюнча диалогду улантууга даяр экенин айтты.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген