Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Каракол шаарында жашыл энергетиканы камсыздоо маселеси Жогорку Кенеште талкууланды. Депутат Болот Сагынаев туризмди өнүктүрүү пландары тууралуу сөз кылып, “Жашыл энергетика фонду” жетекчисинен бул багытта кандай иштер аткарылып жатканын сурады.
Фонддун жетекчиси Эмильбек Орозбаев Караколдогу профлицейдин чатырына күн панелдерин орнотуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле, Караколдо эки мини ГЭС куруу долбоору бар экенин, жеке инвесторлордун да жашыл энергетика боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатканын айтты.
Депутат газификация маселесин да көтөрдү. Ал 2014-жылы “Газпром” компаниясы “Кыргызгаз” акционердик коомун 1 долларга сатып алганын айтып, келишимде газификация деңгээлин 62% га жеткирүү жана 400дөн ашык айылдарды газ менен камсыздоо пландары жазылганын белгиледи. “Азыркы учурда канча айыл газификацияланган?” – деп сурады Сагынаев. Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков бул маселени “Газпром Кыргызстан” компаниясынан тактоо керектигин айтты.
Жашыл энергетика жана газификация маселелери өлкөнүн өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Караколдогу долбоорлор жана газификация иштери жергиликтүү калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, экологиялык жактан таза энергияны пайдаланууга өбөлгө түзөт.