Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 26-31-январь күндөрү тогуз коргоол боюнча шаардык мектеп лигасы өткөрүлдү. Бул мелдешке райондордун тайпалык жарыштарында жеңишке жеткен 16 окуучу катышты.
Шаардык лигада 13 түрдүү спорт боюнча мелдештер уюштурулат, алардын арасында бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, мини-футбол, үстөл тенниси, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат бар.
Тогуз коргоол боюнча өткөрүлгөн мелдеште балдар арасында биринчи орунду Свердлов районундагы №51 мектеп, экинчи орунду Первомай районундагы «Сейтек» мектеби, үчүнчү орунду Первомай районундагы №1 интернат мектеби, төртүнчү орунду болсо ошол эле райондун №69 мектеби ээледи.
Кыздар арасында болсо, биринчи орунду Октябрь районундагы №112 мектеп, экинчи орунду Ленин районундагы №96 мектеп, үчүнчү орунду Свердлов районундагы №51 мектеп, төртүнчү орунду Свердлов районундагы №66 мектеп алды.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Алар ошондой эле Ысык-Көлгө жайкы эс алуу үчүн сапар менен сыйланышты. Мелдешти Бишкек шаардык мэриясынын Жаштар, спорт жана туризм боюнча департаменти уюштурду.