Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 26-31-январь күндөрү тогуз коргоол боюнча мектеп лигасынын шаардык этабы өттү. Бул иш-чарага райондордун мелдештеринде жеңишке жеткен 16 окуучу катышты. Алар шаардагы төрт район боюнча өткөрүлгөн таймаштардын жыйынтыгы менен биринчи төрт орунду ээлешти.
Шаардык лигада 13 түрдүү спорт боюнча мелдештер өткөрүлөт, алардын арасында бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, балдар жана классикалык жеңил атлетика, мини-футбол, үстөл тенниси, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат бар.
Тогуз коргоол боюнча балдар арасында биринчи орунду Свердлов районундагы №51 мектеп, экинчи орунду Первомай районундагы «Сейтек» мектеби, үчүнчү орунду Первомай районундагы №1 интернат мектеби, төртүнчү орунду болсо ошол эле райондун №69 мектеби ээлешти. Ал эми кыздар арасында жеңүүчү Октябрь районундагы №112 мектеп, экинчи орунду Ленин районундагы №96 мектеп, үчүнчү орунду Свердлов районундагы №51 мектеп, төртүнчү орунду Свердлов районундагы №66 мектеп алды.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаардык этаптын жеңүүчүлөрү жана сыйлыктарды алган окуучулар кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле, алар Иссык-Көлгө жайкы эс алуу үчүн сапар менен сыйланышты. Мелдештерди уюштуруучу катары Бишкек шаардык мэриясынын Физикалык маданият жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти иш алып барды.