Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте жаңы генплан боюнча жашыл аймактарды кеңейтүү жана жаңы шаардык парктарды түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси Медербек Кыдырмаев билдирди.
Учурда Бишкектеги жашыл насаждениялардын саны бир адамга 4,5 квадрат метрди түзөт, ал эми нормалар боюнча бул көрсөткүч 16 квадрат метр болушу керек. Ошондуктан, генпланда экологиялык өнүгүүгө арналган өзгөчө бөлүм каралган.
Документте жаңы жашыл аймактар жана парктар үчүн так жерлер белгиленген, ошондой эле ири магистралдык көчөлөрдүн жээгин жашылдандыруу пландалууда. Мындан тышкары, Ала-Арча жана Аламедин дарыяларынын жээгин тазалоо жана көрктөндүрүү иштери да каралган.
Кок-Жар айылында чоң парк түзүү сунушталууда, бул экологиялык абалды жакшыртууга жана шаардык чөйрөнүн сапатын көтөрүүгө жардам берет. Шаарды жашылдандыруу – бул Бишкектин келечеги үчүн маанилүү кадам.