Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Баткенде Кара-Кол каналынан суу топтоо үчүн бассейн курулат. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнүн Баткендеги өкүлү маалымдады. Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана суу чарба адистери курулуштун жүрүшү менен таанышышты. Алар Кара-Кол каналын калыбына келтирүү иштерин да текшеришти.
Суу топтоо курулмаларын жайгаштыруу боюнча пландоо иштери жүргүзүлдү. 14 чакырым узундуктагы канал жана башкы суу алуу түйүнүн куруу үчүн республикалык бюджеттен 23 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ага Хан эл аралык уюму тарабынан 24 миллион сомдук грант каралган. Кара-Кол каналынын башкы суу алуучу түйүнүнө дагы 16 миллион 900 миң сом бөлүнгөн.
Бул ири долбоордун аякташы менен 1200 гектар жер сугат суу менен камсыздалат, бул жакынкы айылдардагы ирригациялык абалды кыйла жакшыртат. Эгерде секундасына 1 кубометр суу колдонулса, тамчылатып сугаруу системасы аркылуу эки эсе көп аянтты пайдалануу пландалууда.