Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте мамлекеттик салык кызматы 2025-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады. Бул кампания эки этапта өтөт: 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларацияларын тапшырат, ал эми 1-майга чейин жеке адамдар жана жеке ишкерлер декларацияларын берүүгө милдеттүү.
1-апрелге чейин декларация тапшырууга милдеттүү болгон категориялар:
– Бюджеттен каржыланбаган жана отчеттук салык мезгилинде мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери жок жергиликтүү уюмдар;
– Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүп иш жүргүзгөн чет элдик уюмдар;
– Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
– Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.
1-майга чейин декларация тапшырууга милдеттүү болгон категориялар:
– Жеке ишкерлер (соода зонасында атайын режимде иш жүргүзгөн, патент негизинде, бирдиктүү салык 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкалары боюнча иш жүргүзгөн, ошондой эле юридикалык жак түзбөгөн фермердик чарбалардан тышкары);
– Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдарда, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген жарандар;
– Отчеттук мезгилде кирешеси болгон, бирок киреше салыгы кармалбаган жеке адамдар.
Башка жеке адамдар, анын ичинде социалдык же мүлк боюнча чегерүүлөрдү алууну каалагандар, салык декларациясын өз ыктыяры менен тапшыра алышат. Декларация электрондук түрдө салык төлөөчүлөрдүн кабинети аркылуу Cabinet.salyk.kg сайтында берилет.
Декларацияда кирешелер, чыгашалар, экономикалык ишмердик, мүлк объектилери, жер тилкелери жана отчеттук мезгилдеги төлөнгөн салык милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды көрсөтүү зарыл. Кенен маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.