VI ВИК үчүн эң мыкты параддык форма дизайнына конкурс жарыяланды

Бишкекте VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын ачылышына арналган параддык форманын дизайнын аныктоо боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Физикалык маданият жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Конкурстун максаты – улуттук өрнөктөрдү колдонуп, оригиналдуулугу менен айырмаланган параддык форманын мыкты дизайнын табуу. Дизайн эстетикалык жактан жагымдуу, ыңгайлуу жана VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын бренд-букасына ылайык болушу керек.

Конкурсту Кыргыз Республикасынын Физикалык маданият жана спорт мамлекеттик агенттигинин Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы уюштурат. Экипировкаларга коюлган талаптарга ылайык, параддык форма баш кийимди, жогорку кийимди, эркектер үчүн шымдарды, улуттук стилдеги көйнөктү жана VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын атрибутикасын камтышы керек. Дизайнерлер өздөрүнүн оригиналдуу иштерин электрондук жана кагаз түрүндө, кийимдин үлгүсү менен бирге тапшырышы керек.

Эскиздерде материалдардын жана кызматтардын чыгымдары боюнча эсептер болушу шарт. Дизайн бирдиктүү стилде, так жана түстөрдүн гармониялуу айкалышында болушу керек. Улуттук колоритти чагылдырган элементтер, ошондой эле кийимдин ыңгайлуулугу жана коопсуздугу да эске алынышы зарыл.

Кийимдер үчүн колдонулуучу материалдар – табигый, дем алуучу жана денеге жагымдуу болушу керек. Тканьдин тыгыздыгы, тигилген швтердин сапаты, кнопкалардын жана молниялардын иштөө сапаты да талаптарга жооп бериши керек. Кийимдер жакшы отуруп, формасын жоготпошу керек.

Конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынат. Конкурс эки этапта өтөт: биринчи этапта эскиздер жана сүрөттөмөлөр каралат, экинчи этапта даяр формалар көрсөтүлөт. Комиссия сунушталган моделдерди оригиналдуулук, темага ылайыктык, аткаруу сапаты жана эстетика боюнча баалайт.

Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Биринчи орун үчүн 200 000 сом берилет. Эң мыкты үлгүлөр расмий иш-чараларда колдонулушу мүмкүн. Жеңүүчүлөрдүн автордук укуктары Дирекцияга өткөрүлөт.

Конкурска байланыштуу маалымат алуу үчүн Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү 17-үйгө кайрылсаңыз болот. Комиссиянын катчысы: Чынаева Лаура, телефон: +996 500 059 311, электрондук почта: laura.chynaeva@mail.ru.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген