Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Сокулук районунда үч бала сууга батып кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы маалымдады. 2-февралда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Майская айылындагы каналга үч кичинекей баланын түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топ жөнөтүлдү. Алар келгенде, үч баланын денеси каналдан чыгарылган, бирок тез жардам бригадасы келгенге чейин алар өмүрүн жоготкон.
Тергөө учурунда 2021-жылы төрөлгөн үч баланын аты-жөнү аныкталды: М.Н., С.Э. жана И.М. Балдар күн сайын бирге ойноп, алардын үй-бүлөлөрү жакын жерде жашашкан жана тууган болушкан. Канал алардын жашаган жеринен болжол менен 300 метр алыстыкта жайгашкан. Ошондой эле, канал айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен толтурулган, бирок коопсуздук тосмолору жок болгон жана каналдын четтери муз менен капталган. Чакан балдардын жоктугу 14:00гө чейин эч ким тарабынан байкалган эмес. Алар менен ойноп жаткан М.И. аттуу бала, сүйлөй албагандыктан, апасына болгон окуяны айтып берүүгө аракет кылган. Анын сөзүн түшүнбөгөн апасы, баланы ээрчип, каналдын жээгине келгенде, батып кеткен балдарды көрүп, жардам чакырган.
Полиция тарабынан каза болгондордун денелери моргго жеткирилди, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө уланууда, анын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.