Иссык-Куль облусунда айылдык суу камсыздоону эффективдүү башкарууга үйрөтүшүү

Иссык-Куль облусундагы Кызыл-Суу айылында үч күндүк тренинг өткөрүлдү. Бул тренинг суу камсыздоо кызматтарына экономикалык негизделген тарифтерди иштеп чыгуу, финансылык пландоо жана абоненттер менен иш алып баруу боюнча уюштурулду.

Иш-чарага муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, райондук структуралардын кызматкерлери, айылдын тургундары жана активисттер катышты. Ушул тренингдин алкагында катышуучулар Кыргызстандагы суу камсыздоо тармагындагы мыйзамдык негиздер, тарифтерди эсептөө тартиби, финансылык пландоо, кызматтардын өздүк наркын эсептөө жана биллинг системаларын колдонуу боюнча маалымат алышты.

Практикалык бөлүмдө тарифтерди Excel программасында эсептөө, реалдуу учурларды талдоо жана жыйынтыктарды презентациялоо боюнча топтук иштер жүргүзүлдү. Мисал катары Ноокат районундагы «Кыргыз Ата Булагы» муниципалдык ишканасынын тажрыйбасы көрсөтүлдү.

Ошондой эле, абоненттер менен иш алып баруу, маалыматтык кампанияларды өткөрүү жана тарифтерди бекитүү этаптары боюнча маселелер каралды. Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар алган билимдеринин практикалык маанисин белгилеп, аларды күнүмдүк ишинде колдонууга даяр экендиктерин билдиришти.

Суу камсыздоо тармагындагы мындай тренингдер, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомчулуктун кызматташтыгын күчөтүүгө, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген