Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 11-февралдан тартып, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн аймагында жүк көзөмөлдөө системасы боюнча жаңы чечим күчүнө кирет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБ координация башкармалыгынын жетекчиси Элимбек Каныбек уулу билдирди.
Ал белгилегендей, навигациялык пломбаларды колдонуу этап-этабы менен ишке ашырылат. Алгачкы этапта пломбалар келишимдин негизги тизмесинде көрсөтүлгөн товарларга орнотулат, андан кийин продукциянын тизмеси кеңейтилип, жаңы категориялар кошулат.
Биринчиден, санкцияга алынган товарлар, акциздик продукциялар (алкоголь, тамеки жана башка) жана жеңил өнөр жайынын айрым товарлары кирет. Элимбек Каныбек уулу, “Биз кийинки этапта кайсы товарлар кошулушу керектигин талкуулап жатабыз. Бирок 11-февралдан тартып, навигациялык пломбалар аталган товарлар үчүн милдеттүү болуп калат”, – деп айтты.
Бул система жүк ташууну көзөмөлдөп, мыйзамсыз жүк жүгүртүүнүн алдын алууга жардам берет. Ошондой эле, товарлардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бурулат. Жаңы механизмдин киргизилиши өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизип, соода процессин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.