Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 4-6-февралда «B5+1» аттуу экинчи бизнес-форум өтөт. Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен биргеликте уюштурулууда. Форумдун негизги максаты – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес лидерлери ортосундагы диалогду күчөтүү.
Форумдун негизги багыттары катары айыл чарба, банк жана финансылык ишмердик, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм сыяктуу тармактар белгиленген.
Эске салсак, «B5+1» форумунун биринчи отуруму 2024-жылдын 14-15-мартында Алматыда өтүп, он өлкөдөн 250дөн ашык бизнес өкүлдөрүн жана кызыкдар тараптарды чогулткан. «B5+1» форуму Борбордук Азиядагы беш өлкөнү (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) жана АКШны бириктирген дипломатиялык платформа «C5+1» менен бизнес аналогу болуп саналат.
Бул форумдун өткөрүлүшү региондогу экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана мамлекеттик жана жеке секторлор ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө чоң салым кошот.