Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарында 25 жылдык өнүгүүнү аныктаган жаңы генплан иштелип жатат. Бул документ шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, калкты камсыз кылуу, инфраструктураны түзүү жана жашоо сапатын жакшыртуу маселелерин камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси Медербек Кыдырмаев билдирди.
Эски генплан 2006-жылы бекитилген жана анын мөөнөтү 2025-жылдын декабрында аяктаган. Учурда жаңы документти иштеп чыгуу боюнча Бишкек шаары негизги заказчы болуп саналат. Мэриянын тапшырмасы боюнча жаңыланган генпланды иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Учурда генпланды иштеп чыгуу Санкт-Петербургдун илимий-изилдөө институту тарабынан жүргүзүлүүдө. 2024-2025-жылдары административдик-территориялык реформалардын натыйжасында Бишкектин аймагы үч эсе кеңейген. Шаарга жаңы айылдар жана турак жай массивдери кошулган.
Генплан боюнча иштер башталгандан бери илимий-изилдөө институту тарабынан көптөгөн аналитикалык жана изилдөө иштер жүргүзүлгөн. Шаар тараптан атайын сайттар ачылып, тургундар арасында сурамжылоолор уюштурулган. Мындан тышкары, министрликке расмий суроолор жөнөтүлүп, алынган маалыматтардын негизинде шаардагы негизги көйгөйлөр аныкталып, генпланды түзүүнүн негизги багыттары белгиленген.
Кыдырмаевдин айтымында, генпландын негизги максаттары жолдордогу тыгындарды чечүү, экологиялык абалды жакшыртуу, социалдык объектилердин жетишсиздигин жоюу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат. Башкача айтканда, генплан — бул шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзгөн документ.