Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда видеокөзөмөл жана жүздү таануу системалары жаңы деңгээлге өтүп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, коомдук жайларда орнотулган видеокамералар мыйзам бузууларды убагында аныктоого, кылмыштарды тез арада ачууга жана алардын алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.
2022-жылдан бери Ички иштер министрлигинин Оперативдик башкаруу борборунда жүздү таануу системасы иштеп жатат. Бул система аркылуу кылмыштарга шектелген 3 миңден ашык адамдын жеке маалыматы аныкталган, ошондой эле дайынсыз жоголгон жарандар да табылган. Учурда 3 миңден ашык камера 24 саат бою мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды жасалма интеллект технологиялары аркылуу анализдейт.
Система медициналык беткап же көз айнек кийгенде да жүздөрдү тааный алат. Эгерде дал келүүлөр аныкталса, маалымат автоматтык түрдө оперативдик кызматтарга дароо жөнөтүлөт. Мындан ары “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында республика боюнча 20 миңден ашык заманбап видеокамераларды этап-этабы менен орнотуу пландалууда.
Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындай технологиялардын колдонулушу, кылмыштуулукту азайтууга жана жарандардын коопсуздугун жогорулатууга чоң салым кошот.