11-февралдан баштап ЕАЭБ чегинде жүктөр навигация пломболору менен белгиленет

Бишкек шаарында 11-февралдан тарта Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн аймагында жүк көзөмөлдөө боюнча жаңы чечим күчүнө кирет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБ координация башкармалыгынын жетекчиси Элимбек Каныбек уулу билдирди.

Ал белгилегендей, навигациялык пломбаларды колдонуу этап-этабы менен ишке ашырылат. Алгачкы этапта пломбалар келишимдин негизги тизмесинде көрсөтүлгөн товарларга орнотулат, андан кийин продукциянын тизмеси кеңейтилип, жаңы товарлар кошулат.

Биринчиден, навигациялык пломбалар санкциялык товарларга, акциздик продукцияларга (алкоголь, тамеки жана башка) жана жеңил өнөр жайынын айрым категорияларына коюлат. Элимбек Каныбек уулу, “Биз кийинки этапта кандай товарлар кошулаарын талкуулап жатабыз. Бирок 11-февралдан тарта аталган товарлар үчүн навигациялык пломбалар милдеттүү болуп калат”, – деп билдирди.

Бул жаңы механизм жүк ташууну көзөмөлдөп, мыйзамсыз жүк жүгүртүүнүн алдын алууга жардам берет. Ошондой эле, товарлардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууга багытталган. Жаңы талаптардын ишке кириши менен, соода жана экономика тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген