Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкектин жылуулук электр станциясы (ТЭЦ) өз ишин нормалдуу улантууда. Мэриянын маалыматына ылайык, 2-февралга карата ТЭЦтин орточо электр кубаттуулугу 455 МВт түзөт. Станция күнүнө 9,285 миң Гкал жылуулук энергиясын жана 10 миллион 925 миң кВт/ч электр энергиясын өндүрүүдө. Күнүмдүк отун чыгымы 7,831 миң тонна көмүр жана 368 миң нм³ түзөт.
ТЭЦте 15 котлоо агрегаты, 7 турбоагрегат жана эки энергия блогу (№ 3 жана № 4) бар. Учурда 9 котлоо агрегаты, 4 турбоагрегат жана эки энергия блогу иштеп жатат. 2025/2026-жылдардагы жылуулук мезгилине даярдык көрүү максатында, ТЭЦте электр жана жылуулук энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн 1,4 миллион тонна көмүр жеткирүү пландалууда. Отун жеткирүү графиги жылуулук мезгили толугу менен аяктаганга чейин иштелип чыккан.
Ошондой эле, 2-февралга карата ТЭЦтин кампасында 204,537 миң тонна көмүр калды, бул станциянын учурдагы жылуулук мезгилинде туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.