Саламаттуу коомду түзүү негизги тема болуп калды Минздрав менен БУУнун жолугушуусунда

Бишкекте бүгүн министр Каныбек Досмамбетовдун жетекчилиги астында ден соолук сактоо тармагындагы реформаларды колдоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өттү. Министр жолугушуу учурунда БУУ системасына ден соолук тармагындагы реформаларды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле БУУ агенттиктеринин медициналык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Улуттук аракеттер планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы салымын белгиледи.

Министр жаңы командасынын негизги приоритеттери тууралуу маалымат берип, ооруларды дарылоодон саламат коомду түзүүгө өтүүнү баса белгиледи. Алдын ала чараларды көрүү, инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу, ден соолукка байланыштуу программаларды өнүктүрүү, эне жана бала ден соолугун коргоо, энелердин өлүмүн азайтуу, инфекциялык оорулардын эпидемиологиялык көзөмөлүн күчөтүү жана ден соолук системасын реформалоо сыяктуу багыттарды белгиледи.

Ден соолук тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү, анын ичинде электрондук медициналык карталарды, телемедицинаны жана тез арада жооп берүү үчүн кырдаалдык борборлорду түзүү зарылдыгы да айтылды. Министр БУУ системасынан заманбап жабдуулар менен камсыздоо, медициналык кызматкерлерди чет өлкөлөрдө окутуу программаларын кеңейтүү жана эл аралык тажрыйбаларды алмашуу боюнча колдоо көрсөтүүнү сурады.

Антье Граве БУУ системасынын Кыргызстандын ден соолук министрлиги менен кызматташуу боюнча даярдыгын белгилеп, Кыргызстан глобалдык санарип трансформация программасына катышкан өлкөлөрдүн бири экенин айтты. Ал санариптештирүү, иммунизация, эне жана бала ден соолугун коргоо, репродуктивдик ден соолук жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ден соолук системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн кызматташтыкты чыңдоого жана координацияланган ишти улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген