Нарын районунда 6 миллиард сомдон ашык долбоорлор ишке ашырылды

Нарын районунда 2025-жылы ар кандай тармактарда 6 миллиард 284 миллион 389 миң сомдук долбоорлор ишке ашырылган. Бул тууралуу райондук жыйындын жүрүшүндө акимдин орун басары Руслан Эсенбеков билдирди. Долбоорлордун каржылануы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, ошондой эле эл аралык уюмдардан, регионалдык фонддордон жана жеке ишкерлерден алынган.

Жылдын негизги жыйынтыктары боюнча, 11 жаңы ишкана ачылган. 48 туруктуу жумуш оруну түзүлгөн. «Куланак» ГЭСинин курулушунда 555 адам убактылуу жумуш менен камсыздалган. Ошондой эле, «Авелум партнер» компаниясынын Солтон-Сары аймагындагы алтынды кайра иштетүү фабрикасынын курулушунда 115 адам жумушка орношкон.

Нарын районундагы мындай долбоорлор жергиликтүү экономикага чоң салым кошуп, калктын жумуш менен камсыз болушуна жардам берет. Жаңы ишканалардын ачылышы жана жумуш орундарын түзүү, аймактын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген