Нарын облусунда өндүрүш көлөмү 2 миллиард сомдон ашык өстү

Нарын шаарында 2025-жылы өндүрүштүк продукциянын көлөмү 2 миллиард 42 миллион 800 миң сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 112% өсүштү көрсөтөт. Бул маалымат шаардагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча өткөн жылдын жыйынтыктарын талкуулаган жыйындын жүрүшүндө айтылды.

Өндүрүш тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө:

– Тамак-аш продукциясы – 78,7%;
– Текстиль өнөр жайы – 162,4%;
– Пластмасса жана металл эмес буюмдар – 100,5%;
– Жыгач иштетүү жана кагаз продукциясы – 103%.

Ошондой эле, отчеттук мезгилде 867 тонна эт, 1743 тонна сүт жана 377 миң даана жумуртка өндүрүлгөн. Жыл ичинде өнөр жай секторунда 29 жаңы ишкана ишке киргизилип, 216 жаңы жумуш оруну түзүлгөн. Ишканаларды ачууга жумшалган жалпы инвестициялар 60 миллион 150 миң сомду түздү.

2025-жылы тартылган инвестициялардын көлөмү 426 миллион 935 миң сомго жетип, 2024-жылга салыштырганда 80 миллион 911 миң сомго көбөйдү. Бул көрсөткүчтөр Нарын шаарынын экономикалык өсүшүн жана өнүгүүсүн көрсөтүп турат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген