Бишкекте каржылык чалгын боюнча регионалдык семинар өттү

Бишкекте «Каржылык чалгынчылыкты далил катары колдонуу» темасында регионалдык семинар өттү. Бул иш-чара акча жуу жана терроризмди каржылоого байланыштуу оор жана татаал иштерди иликтөөгө арналган. Семинарды Кыргыз Республикасынын Каржылык чалгындоо кызматы Европалык Союздун «Уюмдаштырылган кылмыштуулук жана терроризмге каршы аракеттер» долбоору менен биргеликте уюштурду.

Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын каржылык чалгындоо, укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле акча жуу жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык адистер катышты. Семинарда каржылык чалгындоо материалдарын кылмыш иштерин иликтөөгө колдонуу, параллель каржылык иликтөөлөрдү жүргүзүү, кылмыштуу активдерди аныктоо, камакка алуу жана конфискациялоо, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын программасына адистердин презентациялары, практикалык учурларды талкуулоо жана интерактивдүү дискуссиялар кирди. Бул катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана Борбордук Азиядагы актуалдуу чакырыктарды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

Ошондой эле, семинардын алкагында Каржылык чалгындоо кызматынын орун басары Бакытбек Алишеровдун EU-ACT долбоорунун регионалдык координатору Каспарс Валпетерис жана ЕС Глобалдык Инициативанын жетекчиси Дэвид Хотт менен жолугушуусу болду. Жолугушууда келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жана биргелешкен демилгелер боюнча пландар талкууланды.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген