Кыргызстандагы аялдар үй жумуштарына күнүнө дээрлик 5 саат убакыт коротушат

Кыргызстанда үй жумуштары негизинен аялдардын жоопкерчилигинде калууда. Улуттук статистика комитетинин “Убакыт бюджетин изилдөө” деген изилдөөсүнүн жыйынтыктары ушул нерсени көрсөтүүдө. Статистика боюнча, аялдар күнүнө орто эсеп менен 4 саат 40 мүнөт үй жумуштарына убакыт бөлүшөт, бул суткалык убакыттын 19,4 пайызын түзөт. Ал эми эркектердин бул жумуштарга сарптаган убактысы кыйла төмөн — 3,8 пайыз же суткасына бир сааттан аз.

Айыл жерлеринде эркектер менен аялдар үй жумуштарына шаардык жерлердегилерге караганда 1,2 эсе көп убакыт коротушат. Мисалы, айылда иштеген аялдар жумасына орто эсеп менен 6,5 саат үй жумуштарына убакыт бөлүшсө, шаарларда бул көрсөткүч 5 саатты түзөт. Иштеген эркектердин арасында айырма анча чоң эмес: айылда 50 мүнөт, шаарда 35 мүнөт.

Үй жумуштарынын структурасы аялдар менен эркектер арасында айырмаланат. Эркектер, жашаган жери кандай болбосун, көбүнчө үй буюмдарын, мебельди жана турак жайды оңдоого убакыт коротушат. Шаарда бул иштерге 11 пайыз, айылда 30 пайыз убакыт сарпталат. Ошондой эле, эркектер азык-түлүк сатып алууга да активдүү катышып, бул үчүн 15тен 23 пайызга чейин убакыт коротушат.

Аялдардын үй жумуштары болсо, жашаган жери, үй-бүлөнүн курамы жана жумуш менен алектенүү деңгээлине жараша ар түрдүү. Шаарда иштеген аялдар үй жумуштарына бөлгөн убактысынын 9 пайызын товар сатып алууга, ал эми калган 91 пайызын үй милдеттерин аткарууга жумшашат. Ушул убакыттын эң чоң бөлүгү тамак даярдоого (30 пайыз), балдарга жана неберелерге кам көрүүгө (17 пайыз), турак жайды тазалоого (14 пайыз), идиш жууууга (10 пайыз), кийим жуууга жана үтүктөөгө (10 пайыз) сарпталат.

Айыл жерлеринде иштеген аялдар товар сатып алууга үй жумуштарына бөлгөн убактысынын 6 пайызын, ал эми 94 пайызын үйдө иштөөгө жумшашат. Тамак даярдоого 28 пайыз, балдарга жана неберелерге кам көрүүгө 15 пайыз, турак жайды тазалоого 14 пайыз, идиш жууууга 13 пайыз, кийим жуууга жана үтүктөөгө 12 пайыз убакыт сарпталат.

Иш менен алектенген калктын арасында үй жумуштарына эң көп убакыт сарптаган эркектер 35–44 жаштагы жана 60 жаштан жогору адамдар, ал эми аялдар 14–34 жаштагы топто байкалууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген