Кыргызстанда «жашыл көндүмдөрдү» билим берүү системасына киргизүүнү каалайт

Бишкекте билим берүү министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү. Жолугушууда 2025-жылдагы кызматташтыктын жыйынтыктары жана 2026-жылга пландалган ишмердүүлүктөр талкууланды.

Министр Догдуркул Кендирбаева жашыл көндүмдөрдү мектепке чейинки, мектеп жана баштапкы кесиптик билим берүү системасына киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал билим берүүдө практикалык жана илимий жактарды айкалыштыруунун, ошондой эле балдарга өз колдору менен өстүрүлгөн азыктарды баалоо жана пайдалуулук тууралуу түшүнүк берүү зарылдыгын айтты.

Жолугушууда мектептерде жана бала бакчаларда бакча түзүү, дарактарды отургузуу, кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө кесиптик багыт берүү, экологиялык жана билим берүү акцияларын өткөрүү сыяктуу бир катар демилгелер сунушталды.

ФАО өкүлү Олег Гучгельдыев уюмдун мектеп бакчаларын, жылыжайларды өнүктүрүү, колледждердеги жаңы ыкмаларды киргизүү жана азык-түлүктү үнөмдөө боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча долбоорлорун баяндады.

Тараптар биргелешкен иштерин улантууга жана жакын арада дагы бир жумушчу жолугушуу өткөрүүгө макулдашты.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген