Голливуддо «Оскар» сыйлыгына талапкерлер жарыяланды

Голливуддо 22-январда 98-Оскар сыйлыгынын номинанттары жарыяланды. Бул жылы киноакадемия 24 категория боюнча сыйлыктарды тапшырат. Ар бир категорияда беш номинанттан бар, бирок “Эң мыкты фильм” категориясында он фильм катышат. Сыйлык тапшыруу аземи 2026-жылдын 15-мартында Лос-Анжелестеги Dolby Theatre’де өтөт жана 200дөн ашык өлкөдө түз эфирде көрсөтүлөт.

Эң мыкты фильм наамы үчүн 10 фильм күрөшөт:

1. “Бугония” – режиссер Йоргос Лантимос
2. “Формула-1” – режиссер Джозеф Косински
3. “Франкенштейн” – режиссер Гильермо дель Торо
4. “Гамнет” – режиссер Хлоя Чжао
5. “Марти Великолепный” – режиссер Джош Сафди
6. “Битва за битвой” – режиссер Пол Томас Андерсон
7. “Секретный агент” – режиссер Клебер Мендонса Фильо
8. “Сентиментальная ценность” – режиссер Йоаким Триер
9. “Грешники” – режиссер Райан Куглер
10. “Поезда мечты” – режиссер Клинт Бентли

Оскар сыйлыгы кино дүйнөсүндөгү эң престиждүү сыйлыктардан болуп саналат. Ар жылы дүйнөнүн эң мыкты фильмдери, актерлору жана режиссерлору бул сыйлык үчүн күрөшөт. Сыйлык тапшыруу аземи кино сүйүүчүлөр үчүн чоң окуя болуп, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар тарабынан байкоого алынат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген