Бишкектиктерди белдемчи тигүү жана вышивка боюнча мастер-класска чакырат

Бишкекте Г. Айтиева атындагы сүрөт искусствосу музейи белдемчи тигүү жана кестелөө боюнча мастер-класска чакырат. Бул иш-чараны Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, дизайнер жана муундан муунга өтүп келе жаткан салттуу тажрыйбаны бөлүшүүчү устат Турар Турганалы өткөрөт.

Иш-чарада катышуучулар белдемчи жасоонун сырларын үйрөнүп, профессионалдык жетекчи менен чыгармачылык атмосферада өз өнөрүн өнүктүрө алышат. Мастер-класс 17-январда, жекшемби күнү, саат 11:00дө өтөт.

Иш-чарага катышуу үчүн билеттин баасы 300 сом. Катышуучулар өздөрү менен 1 метр х 1.5 метр өлчөмүндөгү кездемени (бархат же вельвет), ниткелерди, иголкаларды жана кайчыны алып келиши керек. Жердин чектелүү саны – 10 адам. Алдын ала катталуу зарыл, каттоо үчүн түздөн-түз байланышууга болот.

Музейдин дареги: Ю. Абдрахманова көчөсү, 196.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген