СБНОН транснационалдык нарк тобунун ишин токтотту: 136 кгдан ашык наркотик алынды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматы транснационалдык уюшкан кылмыштуу наркосоода тобунун ишин токтотту. Бул топ узак убакыт бою Афганистандан келип чыккан наркотиктерди Кыргыз Республикасынан өткөрүү жана сатуу менен алектенген.

Специальдуу операциянын натыйжасында, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынан келген жарандардан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Операциянын жүрүшүндө 7 адам, анын ичинде 1997-жылы туулган А.У.А., 1966-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган М.М.А., 1968-жылы туулган Р.А.Ж., 1980-жылы туулган А.Э.Ж., 1970-жылы туулган Ж.Х.Р. жана 1978-жылы туулган Ш.А.Р. кармалды. Ошондой эле, Россия Федерациясынын жарандыгы бар 1972-жылы туулган А.Х.Т. эл аралык издөөдө.

Кармалгандардын убактылуу жана туруктуу жашаган жерлеринде, ошондой эле атайын жабдылган жашыруун жайларда, анын ичинде унааларда 136 килограмм наркотиктер табылды. Анын ичинде 20 килограмм 401 грамм опий жана 116 килограмм 454 грамм гашиш бар. Мындан тышкары, мамлекеттин пайдасына 44 миң 700 доллар, 8 миллион узбек суму, 2 миң рубль жана 396 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары алынган.

Ошондой эле, мамлекеттин пайдасына төмөнкү унаалар өткөрүлдү: 2019-жылы чыгарылган BMW 530i, 2019-жылы чыгарылган KIA Sorento, 2022-жылы чыгарылган KIA K3, 2016-жылы чыгарылган Hyundai Ioniq, 2019-жылы чыгарылган Jeep Compass жана 2006-жылы чыгарылган Toyota Alphard.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бул материалдык байлыктар жана акча каражаттары кылмыш жолу менен алынган. Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш кодексинин 262, 282, 285, 378-беренелери боюнча бир нече кылмыш иши козголду. Уюшкан кылмыштуу топтун калган мүчөлөрү жана алардын коррупциялык байланыштары боюнча тергөө уланууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген