Ички иштер министрлиги айдоочуларды чарчап отурбай, балдарды ташуу эрежелерин сактоого чакырат

Жаңы жылдык жана эс алуу күндөрүндө өлкөнүн автожолдорунда шаар аралык жана түнкү сапарлардын саны көбөйөт. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, көптөгөн айдоочулар түнкү убакта жолго чыгышат, бирок өздөрүнүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүн ашыра баалашат. Унаа айдаган учурда чарчоо – жол кырсыктарынын жашыруун, бирок эң кооптуу себептеринин бири. Концентрациянын төмөндөшү, реакциянын жайлашы жана жол кырдаалын убактылуу көзөмөлдөп туруунун жоголушу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Түн ичинде унаа айдаганда 2-3 секунддук уктоо да унаанын көзөмөлсүз кыймылына себеп болот.

Милиция кызматкерлерин түнкү убакта балдарды ташуу маселеси өзгөчө тынчсыздандырат. Балдарды балдарга арналган коопсуздук каражаттарын колдонбостон ташуу, чоңдордун колундагы балдар, же арткы отургучтарда коопсуздугу камсыздалбаган жүргүнчүлөрдүн болушу сыяктуу фактылар аныкталууда. Ички иштер министрлиги эскертет: катуу токтоп калганда же кырсык болгон учурда чоң адам баланы колунда кармап тура албайт, ал эми автокресло жоктугу оор жаракаттарга жана өлүмгө алып келүү коркунучун бир нече эсе жогорулатат.

Айдоочуларга төмөнкү сунуштар берилет:
– Сапарларды эс алуу убактысын эске алып пландаштырууну;
– Чарчаган же уйкусу келген учурда жолго чыкпоону;
– Эс алуу үчүн токтоп турууну;
– Балдарды ташууда коопсуздук эрежелерин так сактоону жана балдарга арналган коопсуздук каражаттарын колдонуу.

Жүргүнчүлөрдүн, айрыкча балдардын, өмүрү жана коопсуздугу ар кандай майрамдык пландардан жана шашылыштыктан маанилүү.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген