Бишкекте «Ата, эне жана мен – спорттук үй-бүлө» эстафетасы өттү

Бишкекте, Свердлов районунда, “Ата, эне жана мен – спорттук үй-бүлө” аттуу үй-бүлөлөр арасында спартакиада өткөрүлдү. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын жетекчисинин орун басары Айнура Арстамбекова катышты. Алар катышуучуларга активдүү оюн, спорттук дух жана жеңиш тилек кылышты.

Спартакиадада 7 үй-бүлө командасы катышып, ата-энелер жана 7ден 15 жашка чейинки балдардан турган командалар өз ара күч сынашты. Оюндар жети түрдө өткөрүлдү: “Үч тапан чүкө” улуттук оюну, топту башкаруу, скакалка менен эстафета, таяк менен эстафета, аркан тартуу, гвоздь уруп киргизүү жана баштыкка секирүү.

Эстафета боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй болду:
I орун — МТУ №301, “Комета” командасы;
II орун — МТУ №302, “Алга” командасы;
III орун — МТУ №307, “Восток” командасы.

Жеңүүчүлөр жана сыйлыкка ээ болгондор кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Биринчи орунду алган команда микроволновка, экинчи орунду алган команда үй техникасы, ал эми үчүнчү орунду алган команда Bluetooth колонка менен сыйланды.

Бул спартакиада жыл сайын Бишкектин бардык төрт районунда өткөрүлөт. Райондук этаптардын жыйынтыгы боюнча мыкты командалар шаардык этапка өтүп, жеңиш үчүн күрөшүн улантышат. Иш-чараны Бишкек шаарынын физикалык маданият жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген