Министрлер кабинетинде «Алтай» турак жай шаарчасынын курулушу боюнча түшүндүрмө берилди

Бишкек шаарында “Алтай” аттуу жаңы турак жай комплексинин курулушу боюнча социалдык тармактарда видео материал таралууда. Видеодо фундамент үчүн казылган жерлердин суу менен толуп калгандыгы көрсөтүлгөн, бул болсо коомчулукта тынчсызданууну жаратты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, курулуш иштери башталгандан мурун, мыйзамдын талаптарына ылайык, инженердик-геологиялык жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жер астындагы суунун деңгээли аныкталган жана долбоордук документацияда тиешелүү инженердик чечимдер каралган.

Долбоордо дренаждык системаны орнотуу, жер астындагы сууларды четтетүү жана турак жай үйлөрүнүн бийиктигин беш кабаттан ашпаган деңгээлде чектөө каралган. Бул чаралар курулуштун коопсуздугун жана объектилердин натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган.

“Алтай” турак жай комплекси аз кабаттуу турак жайлардан турат. Сейсмикалык коопсуздук маселелери министрликтин тиешелүү мамлекеттик департаменттери тарабынан толук каралган. Ошондуктан, долбоорду жана курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту менен кошо макулдашуу талап кылынбайт.

Канат Абдрахматовдун билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Министрлик жарандарды паникага түшпөөгө жана расмий маалыматка ишенүүгө чакырат.

Ошондой эле, бул аймакта мурда жана азыр башка ири объектилердин курулушу жүрүп жатканын белгилөө маанилүү. Мисалы, Ош базарынын аймагында, жаңы автобекетте жана беш кабаттуу турак жайларда курулуш иштеринин ийгиликтүү жүрүшү байкалууда. Совет мезгилинде курулган төрт жана беш кабаттуу турак жайлар бүгүнкү күндө дагы пайдаланылууда.

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги “Алтай” турак жай комплексинин курулушу белгиленген нормаларга жана талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканын жана дайыма көзөмөлдө болуп жатканын билдирет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген