Дарыгерлер эскертишти: кыймыл майрамдык дасторкондон кийин калыбына келүүгө жардам берет

Жаңы жылдык каникулдарда өз ден соолугуна көңүл буруу жана күнүмдүк жашоого көбүрөөк кыймыл кошуу маанилүү. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирет. Адистер физикалык активдүүлүк майрамдык тамактануудан кийин өзүн жакшы сезүүгө жардам берерин жана жалпы ден соолукка оң таасир этерин белгилешет.

Интенсивдүү машыгууларды же спорт залга барууну баштоонун кажети жок. Жөнөкөй жана жеткиликтүү активдүүлүк формалары — таза абада сейилдөө, үйдө жеңил көнүгүүлөр — жакшы физикалык форманы сактоонун маанилүү кадамы болуп саналат. Жаңы жылдык дем алыштар шаардагы көчөлөрдө, парктарда же табиятта жайбаракат сейилдөөгө эң ылайыктуу учур.

Борбордун адистери кийимди аба ырайына ылайык кийүүнү, муздап калуудан сактанууну жана ырахат алып келген кыймыл формасын тандоону сунушташат. Баштапкы этапта кичинекей кадамдар менен баштап, акырындык менен физикалык активдүүлүктү жогорулатуу сунушталат. Ошондой эле, ден соолукту чыңдоо борбору кыймылды күнүмдүк жашоонун бөлүгү кылуу үчүн пайдалуу кеңештерди жана сунуштарды эске алууну сунуштайт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген