Кыргыз продукциясынын экспорту өсүүдө

Кыргызстан 2025-жылы экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча маанилүү жетишкендиктерге жетти. Өлкөбүздүн айыл чарба жана кайра иштетилген продукциясы эл аралык базарларга чыга баштады, экспорт географиясы да кеңейүүдө.

Кытай Эл Республикасына (КЭР) экспортту активдүү өнүктүрүү иштери жүрүп жатат. Учурда жүн, кашемир, фасоль, тоок эти жана тооктун субпродукттары боюнча 8 протокол макулдашылды. Ошондой эле, термикалык иштетилген эт жана терини экспорттоо боюнча 3 протокол да бекитилди. Жаңы эле кургатылган жемиштердин экспорту башталды — КЭРге 23 тонна кургатылган өрүк жөнөтүлдү. Азыркы учурда шарап, өсүмдүк майы жана жашылча-жемиштерди экспорттоо боюнча даярдык көрүлүүдө.

Европа Союзуна бал экспорттоо боюнча уруксат алуу иштери улантылууда. Ал эми Улуу Британияга 298 кг бал экспорттолду, бул кыргыз продуктусунун европалык базарда жайгашуусунда маанилүү кадам болду. Сауд Аравиясына 144 ат экспорттолду, бул өлкөнүн мал чарбачылыгындагы жогорку потенциалын көрсөтөт.

Мындан тышкары, кургатылган жемиштер, бал жана башка кайра иштетилген продукция Wildberries маркетплейси аркылуу активдүү экспорттолууда, бул санариптик экспорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. 2025-жылдагы экспорттук жетишкендиктер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, сатуу базарларын кеңейтүүгө жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген