2025-жылы Кыргызстанда 63 айыл чарба ишканасы ачылды

Кыргызстанда айыл чарба өнөр жайын өнүктүрүү максатында 2025-жылы 63 жаңы объект ишке киргизилди. Бул объектилер айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана соода-логистика инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган. Алардын катарында соода-логистика борборлору, дан эгиндерин кайра иштетүүчү ишканалар, мөмө-жемиш жана жашылча продукцияларын өндүрүү, сүт азыктары, эт, балык, жүн, өсүмдүк майлары жана органикалык продукция өндүрүүчү объектилер бар.

Бул долбоорлордун ишке ашышы 2 707 жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берди, бул болсо аймактардын өнүгүшүнө, калктын жумуш менен камсыз болушуна жана айыл чарба өнөр жайынын өндүрүштүк потенциалын күчөтүүгө жардам берет. 2025-жылдын январь-ноябрь айларында тамак-аш өнөр жайынын республикадагы жалпы өнөр жайдагы үлүшү 17,4% түздү.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2025-жылдын 11 айында айыл чарба өнөр жайы 94,2 миллиард сомдук тамак-аш продукциясын өндүрдү. Физикалык көлөмдүн индекси 127,8% болду.

Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 385 ишкана ишке киргизүү пландалууда. Бул иш-аракеттер кайра иштетүүнүн деңгээлин 25% га жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул багытта жалпы инвестициялардын көлөмү 20,96 миллиард сомду түзөт.

2026-жылы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ишке киргизилет деп күтүлүүдө, ал эми инвестициялардын көлөмү 9,1 миллиард сомго жетет. Министрлик белгиленген максаттарга жетүү үчүн комплексдүү иштерди улантат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген