Чүй облусунун өкүлү Виноградное айылындагы курулуп жаткан мал базарын аралады

Бишкек шаарында, Виноградное айылында жаңы мал базарынын курулушу уланууда. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов жумушчу сапары менен бул жайга барып, курулуштун жүрүшү менен таанышып чыкты. Учурда базардын аймагында щебень төгүү жана тегерек аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сапар учурунда Осмонов жергиликтүү фермерлер менен жолугуп, жаңы базарда соода уюштуруу жана иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулады. Мурда Токмок шаарында жеке мал базары иштеп келген, бирок санитардык жана ветеринардык нормалардын бузулушу себептүү анын иши токтотулган. Ошондуктан, Виноградное айылындагы жаңы базар убактылуу соода жайы катары каралууда, ал жерде жарандар мал сатып алуу жана сатуу иштерин эркин жүргүзө алышат.

Бул объект пилоттук долбоор катары ишке ашырылууда. Үч айдын ичинде анын иштешин байкоо жүргүзүлүп, андан кийин долбоорду өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдар аныкталат жана ушундай соода жайларын туруктуу негизде киргизүү мүмкүнчүлүгү каралат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген