Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 2-январда чоң өрт чыкты. Өрт биринчи май районунда жайгашкан жатаканада орун алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Өрт тууралуу маалымат кечки саат 20:28де келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө беш өрт өчүрүү бригадасы жана бир авто лестница тартылган. Жатакананын ичинде чыккан өрт 21:23тө локализацияланды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери улантылууда. Өрттүн аймагында болжол менен 250 чарчы метр жер күйгөн.
Коопсуздук максатында имараттан 150 студент эвакуацияланды. Жаракат алган адамдар тууралуу маалымат такталууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.