Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болушу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жаңы кабыл алынган токтомдун максаты миграциялык процессерди жөнгө салуу, чет өлкөлүк жарандардын өлкөдөгү шарттарын ачык кылуу жана мамлекеттик миграциялык саясаттын негизги багыттарына ылайык келтирүү болуп саналат.
Эреже боюнча, белгилүү бир өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул мөөнөт 60 күндүн ичинде эсептелет. Эгер чет өлкөлүк жарандар белгиленген мөөнөттү өткөрүп жиберсе, алар өлкөдөн чыгып кетиши же тиешелүү документтерди (виза, убактылуу жашоого уруксат ж.б.) алууга милдеттүү.
Ошондой эле, бул өзгөртүүлөр эл аралык келишимдерге таасир этпейт жана жумуш, билим алуу же башка ишмердүүлүк үчүн келгендерге тиешелүү эмес.
Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана кабыл алуучу тараптарды Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын сактоого чакырып, жаңы эрежелерди эске алууну сунуштайт.
Кыргызстанга визасыз кире ала турган өлкөлөрдүн тизмеси кеңири, анын ичинде Австралия, Германия, Канада, Япония жана башка көптөгөн мамлекеттер бар. Бул өзгөртүүлөр чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандагы жашоосун жеңилдетүүгө багытталган.