Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Грузиянын жаңы талаптары тууралуу маалымат берди. 2026-жылдын 1-январынан тартып, Грузияга кирүү үчүн бардык чет элдик жарандар медициналык камсыздандыруу полисин жана кырсыкка каршы камсыздандырууну алуу милдеттүү болот. Бул талап Грузиянын туризм боюнча мыйзамдарына ылайык киргизилген жана туристтик, бизнес, жеке сапарлар үчүн колдонулат.
Камсыздандыруу полиси грузин же чет элдик камсыздандыруу компаниясында түзүлүшү мүмкүн. Полис кагаз түрүндө же электрондук форматта, грузин же англис тилдеринде көрсөтүлүшү керек. Минималдуу камсыздандыруу суммасы 30 000 грузин лари (GEL) болушу шарт. Полисте төмөнкү маалыматтар болушу керек:
– камсыздандыруу келишиминин тараптары;
– камсыздандыруунун күчүнө кирген аймагы;
– камсыздандыруунун объектиси;
– камсыздандыруу күчүнө кирген жана токтогон даталары;
– камсыздандыруу тобокелдиктери;
– камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы;
– камсыздандыруу премиясынын өлчөмү;
– төлөмдүн жери жана шарттары.
Кыргыз Республикасынын жарандарына Грузияга сапар пландаштырган учурда, жаңы кирүү эрежелери менен алдын ала таанышып, транспорттук компаниялардын жана чек ара кызматтарынын кошумча талаптарын эске алууну сунуштайбыз. Медициналык камсыздандыруу саякатка чыгууга чейин даярдалышы керек. Бул документтерди кагаз түрүндө алып жүрүү сунушталат, анткени чек ара контролунан өтүү учурунда талап кылынуусу мүмкүн.
Ошондой эле, министрлик миграция мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде камсыздандыруу полисинин, чет өлкөлүк паспорттун, кайтып келүү билети жана турак жайды брондоо тууралуу маалыматтын болушун камсыз кылууну белгилейт. Бул маалымат түшүндүрмө мүнөздө болуп, Грузияга кирүү кепилдигин бербейт.