Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Джалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барган ден соолук министринин орун басары Айбек Маткеримов Ош шаардык клиникалык ооруканасынын инфекциялык стационарында болду. Визиттин максаты – жугуштуу оорулар жана грипп менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу менен таанышуу жана сезондук оорулардын өсүшү учурунда стационардык орундардын жүктөлүшүн баалоо.
Оорукананын директору Шаят Абдурахманов стационар 270 орунга ылайыкташканын, анын 180и балдар үчүн, калган 90ы чоңдор үчүн экенин билдирди. Сезондук оорулардын жогорулашы менен бейтаптардын саны да көбөйгөнү байкалууда, бирок бардык бейтаптарга зарыл медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.
Ош шаарынын аймагында жана калкынын санынын өсүшү, административдик-территориялык реформалардын алкагында, медициналык уюмдарга жүктөмдү жогорулатууда. Визиттин жыйынтыгы боюнча Айбек Маткеримов бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Анын ичинде чоңдор үчүн альтернативдүү бөлүмдөрдү уюштуруу, инфекциялык стационарды балдарга жардам көрсөтүү үчүн максималдуу пайдалануу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды күчөтүү, бейтаптарды так маршрутизациялоо, медициналык кызматкерлердин үзгүлтүксүз ишин камсыздоо жана жардамдын сапатын көзөмөлдөө тапшырылды.
Мындай чаралар аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздоо максатында иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.