Милицияда кызмат кылууну кыялданган балдар ИИМден белектер алышты

Талас шаарынан 6-класстын окуучусу Бекинова Раяна жана Талас облусунун Кок-Ой айылынан 2-класстын окуучусу Рыспаев Асанали ички иштер министри Улан Ниязбековго кат жазышты. Окуучулар өз каттарында министрди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, келечектеги кыялдары менен бөлүшүштү. Алар жакшы окуп, келечекте ички иштер органдарынын кызматкери болуп, мекенине кызмат кылууну каалашкан.

Балдардын бир кыялы ишке ашып, Раяна менен Асанали Талас облусунун ички иштер башкармалыгына барып, тааныштыруу экскурсиясына катышышты. Алар менен башкармалыктын начальниги Бактыбек Нарчаев жолугуп, имаратты көрсөтүп, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, министрликтин тергөө кызматынын жетекчиси Мирлан Насиров да балдар менен жана алардын чоң энелери менен баарлашты.

Ички иштер министринин атынан окуучуларга баалуу белектер, анын ичинде iPad планшети, MacBook Air 15 ноутбуку жана таттуу белектер тапшырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө балдарга окууда ийгилик каалап, келечекте алар мыкты милиция кызматкерлери болуп, мекенине кызмат кыларына ишеним билдирилди. Өз кезегинде, окуучулар жана алардын жакындары министрге жана ички иштер органдарынын жетекчилигине балдардын кыялдарына көңүл буруп, жаш муунду колдоп жатканы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти. Алар мындай көңүл буруу жаштар үчүн чоң стимул экенин белгилешти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген