Кыргызстандын энергетиктери майрам күндөрүндө штаттык режимде иштешет

Жаңы жылдын алдында Энергетика министрлиги 31-декабрда жана январь айындагы эс алуу күндөрүндө энергетикалык компаниялардын штаттык режимде иштээрин маалымдады. Бул күнү калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык райондордо оперативдүү бригадалар уюштурулган.

Министрликтин маалыматына ылайык, авариялык кырдаалдарды тез арада жоюу үчүн атайын техника жана дежурдук унаалар даярдалган. Бригадалар зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган. Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор болсо, 1209, 105 номерлери аркылуу же мобилдик операторлордун 0772 001209, 0556 001209 номерлери жана WhatsApp аркылуу 0702 001209 аркылуу 24 саат бою байланышууга болот.

Ар бир регион боюнча электр тармактарынын жетекчилеринин байланыш номерлери төмөнкүчө: Бишкек – Азамат Паизов: +996 772 121 720; Чүй – Доктурбай уулу Жолдошбек: +996 555 772 442; Баткен – Нурлан Мамадалиев: +996 770 091 009; Ош – Тилек Жолдубай уулу: +996 703 778 818; Жалал-Абад – Усенов Сүйүнбек: +996 770 570 704; Ысык-Көл – Болот Шадыканов: +996 702 021 816; Нарын – Тилек Балкыбеков: +996 778 318 537; Талас – Акылбек Султанов: +996 504 330 505.

Электр энергиясы менен байланышкан бардык суроолор боюнча жарандар 24 саат бою кайрылса болот. Жаңы жылдык майрамдарда электр энергиясынын үзгүлтүксүз камсыздалышы үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген