Өкмөт башчысы Бишкектеги базардагы баалар менен таанышып чыкты

Бишкекте, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 27-декабрдан 31-декабрга чейин айыл чарба ярмаркасы өтүүдө. Бул иш-чарага өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев катышып, айыл чарба продукцияларын түздөн-түз сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалады.

Касымалиев, ярмарка аркылуу өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулар ортосундагы ортомчуларды жоюу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Ал, “Сиздерди жаңы жыл менен куттуктайм. Бишкекте айыл чарба ярмаркалары ар дайым, жума сайын өткөрүлүп жатат. Бакыт Торобаевдин демилгеси өндүрүүчүлөргө жана фермерлерге, ошондой эле, элге пайда алып келет. Сатып алуучулар продукцияны ортомчуларсыз, төмөн баада алышат. Фермерлер өз продукцияларын базар баасынан төмөн баада сатышат, ал эми айыл чарба ишканалары заводдук баада сатышат. Бул соода форматы өндүрүүчү менен сатып алуучунун түз байланышына шарт түзөт, ортомчуларды жоюп, социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын кармап турууга мүмкүндүк берет”, – деди ал.

Ошондой эле, Касымалиев эттин бааларына токтолуп, ярмаркада алар белгиленген максималдуу көрсөткүчтөрдөн ашпастыгын айтты. Мисалы, сиыр эти 680 сомго чейин, ал эми кой эти 690 сомго чейин сатылууда.

Ал мындай ярмаркалардын өткөрүлүшү келерки жылы да улантыларын белгиледи. Ошондой эле, өлкөнүн башка аймактарында да ушундай айыл чарба ярмаркалары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген