Президентпи же жөнөкөй жаранбы, мыйзам баардыгы үчүн бирдей иштеши керек — Абдразаков

Бишкек шаарында мыйзамдын бардык адамдар үчүн бирдей иштеши керектиги тууралуу мурдагы депутат жана коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков өз оюн билдирди. Ал, эгерде кимдир бирөөнүн күнөөсү далилденсе жана соттун чечими чыкса, ал чечим аткарылышы керектигин айтты.

Соттун чечими башка президенттер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн сабак болушу керек. Мындай учурлардын кайталанбашы үчүн, келечектеги муундарга жана кызматкерлерге бул маселени түшүндүрүү зарыл. Эгерде мындай түшүнүк болбосо, окшош окуялар кайрадан болушу мүмкүн. Ар бир мамлекеттик кызматкерге бул маселени жеткирүү керек, анткени мындай көрүнүштөрдүн кайталанбашы маанилүү. Келечектеги президенттер үчүн да бул сабак болушу керек. Мамлекет башчысы болууну каалаган ар бир адам адилеттүү иштеши, ачык кызмат кылышы жана өлкөсүн өнүктүргөн президент катары тарыхта калуусу керек, терс мисал катары эмес, – деди ал.

Бүгүнкү күндө, президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 3-июнундагы Бишкектин Первомай райондук сотунун чечимин аткаруу боюнча Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды жана сыйлык берүү тууралуу жарлыктар күчүн жоготту.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген