Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 2025-жылы жумушсуздукту азайтуу жана социалдык камсыздоону жакшыртуу максатында 25 391 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Социалдык контракт программасынын алкагында, жыл ичинде социалдык жардамдын суммасы 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Натыйжада, республика боюнча 13 331 социалдык келишим түзүлүп, алардын жалпы суммасы 150 миң сомду түздү. Бул өзгөрүү көптөгөн үй-бүлөлөрдүн программаны кабыл алуусун жогорулатып, алардын материалдык абалын жакшыртууга жана чакан бизнес багыттарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Натыйжада, айыл жергесинде экономикалык активдүүлүк жогорулады.
Социалдык контракттын алкагында 2025-жылы 13 964 жаңы жумуш орду түзүлдү, анын 90%ын аялдар түздү. Аялдардын көбү аймактарда жашашат. Эң көп талап кылынган тармактар төмөнкүлөр болду: айыл чарба – 77,7%, кызмат көрсөтүү – 8,9%, өндүрүш – 7,3%, соода – 6,1%.
Ошондой эле, катышуучулар үчүн үч жылга чейин 200 миң сомго чейин пайызсыз кредиттер берилет. 2025-жылы мындай колдоону 1 101 социалдык контракттын катышуучусу алды.
Мындан тышкары, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган коомдук төлөмдүү жумуштардын алкагында 10 716 жумуш орду түзүлдү, ошондой эле жеке жардамчылар кызматында 711 орун пайда болду.
Министрлик социалдык контракт программасы Кыргызстанда жумушсуздукту азайтуу жана чакан ишкердикти өнүктүрүү үчүн маанилүү инструмент болуп калууда деп белгиледи.