Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте “Тулпар” долбоору 2022-жылы башталган, бирок толук кандуу иштей баштаганы 2023-жылдын август айы. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык иштери боюнча директору Бекжан Акматбеков маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылы 12 айдын ичинде безналичный төлөмдөрдүн саны 160 миллионго жеткен. Бул төлөмдөрдүн арасында Visa банктарынын карталары, QR-төлөмдөр, стандарттуу карталар жана башка тиркемелер бар.
Акматбеков белгилегендей, безналичный төлөмдөрдүн өсүшү эки негизги факторго байланыштуу: биринчи – Бишкек мэриясынын жаңы автобустарды сатып алганы, экинчи – “Тулпар” системасынын кеңейиши жана туруктуу иштеши. Орточо эсеп менен, күнүнө 40 миңдей безналичный төлөм жүргүзүлүп, жалпы 13,3 миллион поездка болгон. Автобус линияларында орточо 1027 транспорт каражаты иштеп, дем алыш күндөрү аз, жумуш күндөрү болсо көбөйгөн.
Октябрь айында рекорддук көрсөткүчтөр катталып, 15 миллионго жакын поездка безналичный төлөм менен төлөнгөн. 2022-жылы “Тулпар” системасы 7 миллион безналичный төлөмдү каттаган болсо, 2023-жылы 24 миллион, 2024-жылы 110 миллион жана 2025-жылы 160 миллионго жеткен.
Бул долбоор Бишкектеги коомдук транспортту модернизациялоого жана жарандардын төлөмдөрүн жеңилдетүүгө багытталган. “Тулпар” системасынын ийгиликтери, шаардагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жарандардын жашоо сапатын көтөрүүгө чоң салым кошууда.