Жогорку Кеңештин спикери: мыйзам долбоорлору чоң жыйындарда эмес, комитеттерде иштелип чыгышы керек

Жогорку Кенештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу парламент аппаратынын жетекчилери жана бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү. Жыйынга вице-спикерлер Чынгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза да катышты.

Тургунбек уулу жаңы дайындалган жетекчилерге Жогорку Кенештин VIII чакырылышын жаңы форматта жана шарттарда уюштуруу тапшырмасын берди. Ал парламенттин иши аппараттын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти толук сезип, берилген тапшырмаларды так аткарышы керектигин айтты.

Ошондой эле, спикер профилдик комитеттердин ишин күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. “Заң долбоорлорун талкуулоо чоң жыйындарда эмес, профилдик комитеттердин деңгээлинде өтүшү керек. Депутаттар өз сунуштарын ошол жерде киргизиши зарыл. Комитеттерде мыйзамдарды терең жана кеңири талкуулап, ишти жакшыртуу үчүн сапаттуу документтерди даярдоо милдети ар бир комитеттин бөлүмдөрүнө жүктөлөт”, – деди ал.

Парламенттин эффективдүү иштеши үчүн ар бир жетекчи жана кызматкер өзүнүн ролун жакшы түшүнүп, жоопкерчиликти сезиши абзел.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген