Сары-Таш каналына жаңы бетон төшөлдү

Сары-Таш каналына жаңы бетон төшөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын айыл чарба министрлиги маалымдады. Сары-Таш каналы Токтогул районунда, Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Узундугу 3500 метрди түзүп, секундуна 1,5 кубометр суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда канал 250 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууда.

Канал эскиргендиктен, жыл сайын камыштар өсүп, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү төмөндөп, сугат суусунун жоголушуна алып келчү. Бул маселе 2024-жылы өткөн 3-Элдик курултайда көтөрүлгөн. Андан кийин каналдын үстүнө бетон төшөө пландалган.

Азыркы учурда 1500 метр узундуктагы участокто жаңы бетон төшөлдү, жумуштар толугу менен аякталды. Жаңы канал суунун үзгүлтүксүз берилишин камсыздайт. Жаңыланган канал жергиликтүү дыйкандардын түшүмдүүлүгүн жогорулатат жана аймактагы айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө салым кошот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген